Видео доступна только в полной версии Мой Мир.
Полная версияБаарыңарды АК КАЛПАК күнү менен куттуктаймын! Башыңардан АК КАЛПАК эч качан түшпөсүн.Корольдордун алдында да, Талибандын арасында да ак калпагымды чечпей жүргөнмүн…Улуттук баш кийим - кылымдарды карыткан ак калпак куну менен баарынарды чын журогумдон куттуктаймын! Улуттук баш кийимди орчунду, маанилуу кундору созсуз кийемин:1-2-суроттордо: 1999-жылы Ооганстанда «Талибан» кыймылы менен Баткен согушун токтотуу, ИДУ можахеддеринин туткунунан кыргыз генерал баш болгон кыргыз жоокерлерди жана жапон жарандарын бошотуу боюнча жургузгон суйлошуулор кундору;3-4-суроттордо: 2009-жылы Малайзия паадышасына Кыргызстандын элчиси катары ишеним кагаздарымды тапшырган кун;5-суротто: Малайзияга элчи болуп дайындалганыма байланыштуу медицина илимдердин доктору Зурдинов Ашыралы агам менен ырааматылык тайкем Мирзалиев Уратмжан калпак менен чепкенди кийгизген учур;6-суротто: 2019-жылы Стамбулда Аль-Кудс (Иерусалимди) коргоо эл аралык конференциясында;7-суротто: 2014-жылы Мекка менен Мединага Умрага барып келгенимден кийин;8-суротто: Бишкектин борбордук аянтында Айт-намазда.РS. Мага капа болбогулаго, бирок көк, жашыл, кара, боз жана башка түстө калпакты кийгендерди түшүнбөймүн! Тарыхий миниатюраларда, баяндамаларда ата-бабаларыбызды ак калпактуу эл деп аташчу, бир да гравюрада, сүрөттө же китепте кыргызды “көк калпак”, “жашыл калпак”, “боз калпак” деп көрсөтүшпөгөн, а “кара калпак” деп бизге бир тууган эл каракалпакты айтышчу.#аккалпак #аккалпаккуну🇰🇬 #сднембелогоколпака #белыйколпак #кыргызкалпагы #кыргызскийколпак #головнойуборкыргызстан #кыргыздынбашкийими #корольмалайзии #талибанафганистан🇦🇫 #талибандар