Видео доступно только в полной версии Мой Мир.
Полная версияСахабалар согушта да намазды жалгыз окубаган.mp4
ЖАМААТ МЕНЕН НАМАЗ ОКУУ Жамаат - имам менен бирге намаз окуган мусулмандардын тобу. Ислам динибизде көпчүлүк менен бирге болуу, биримдик, жамаат маселелери айрыкча маанилүү орунду ээлейт. Андыктан намазды жамаат менен окууга да өтө жогору даражада көңүл бурулат. Ошондуктан ибадаттарды аткаруу үчүн, бир күндө мечитке чогулуп, беш убак намаз окуу, жума намазы, жылда эки ирет окулчу айт намаздары, ажылык мезгилинде бардык чөлкөмдөрдөн Арафатка чогулган мусулмандардын коомдук жолугушуулары көп каралган.Ханафийлер боюнча эркектердин беш убак парз намаздарда жамаат менен окуусу муаккад (күчтүү) сүннөт. Ал тургай башка мазхабдардагы айрым аалымдар намазды жамаат менен окуу парз деп өкүм беришкен. Эки адам болгон абалда да, жамаат болуп намаз окуу көптөгөн соопторго ээ кылаары белгилүү.Жамаат менен намаз окуу аркылуу мусулмандар ич ара карым-катнаштарын ан сайын чыңдап, ортодогу жылуу мамилелерин бекемдей алышат. Коомдогу бирдиктүү ой-пикирди сактап, орток аң-сезимдер менен өмүр сүрүүгө өбөлгө түзө алышат. Ошондуктан периштелер сыяктуу Алла Тааланын алдында бир тилке сап түзүп, жамаат менен окулган намаздын сообу, жеке окулган намаздыкынан 27 эсе көп. Пайгамбарыбыз (САВ) жамаат менен окулган намаздын сообу, өзгөчөлүгү жана пайдасы жөнүндө бир топ хадистерди айтып калтырган. Мисал келтирсек:«Жамаат менен окулган намаздын сообу жеке окулган намаздыкынан жыйырма жети эсе артыкчылык кылат». (Бухари, Азан,30; Муслим, Масажид,345)Жамаат намазы кыямат күнүндө мусулманга нур болорун пайгамбарыбыз (САВ) айткан: «Караңгы түндөрдө мечиттерге дайыма баруучуларга кыямат күнү жапжарык нур менен сүйүнчү!». (Абу Дауд, Тирмизи)Жума намазынан башка жамаат менен окулчу парз намаздардын ичинде таң намазы, куптан намазы, Куран Каримде «орто намаз» деп көрсөтүлгөн аср намаздарынын жамаат менен окулушуна айрыкча маани берилиши зарыл. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Адамдар эгер азан менен алдыңкы саптын канчалык сооптуулугун билишкенинде, буга чүчүкулак кармоодон башка арга таппаса, сөзсүз чүчүкулак кармап белгилешмек. Намазга алгачкы убактарында келүүнүн сообун билгендер бул үчүн жарышка түшүшмөк. Куптан намазы менен таң намазынын кереметтерин билгендеринде жөрмөлөп болсо да, бул намаздарга келүүгө ашыгышмак». (Бухари, Азан,9; Муслим, Салат,129,131)Усман бин Аффан (р.а.) мындай деген: «Мен пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин уккамын: «Кимде-ким куптан намазын жамаат менен окуса, түн ортосуна чейин намаз окугандай сооп алат. Таң намазын да жамаат менен окуган адам түнү бою намаз окугандай сооп алат». (Муслим, Масажид, 260)Парз намаздар мечитте жамаат менен бирге окуу менен катар нафил намаздарды үйдө окуса ошончолук сооп. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Эй, адамдар! Үйлөрүңөрдө да намаз окугула. Анткени парздардан башка намаздарды үйдө окуган ошончолук сооптуу». (Тирмизи, Салат, 203)Аялдар да мечитке барып жамаат менен бирге намаз окуса болот. Бирок алар үйүндө намаз окуганы абзел. Муну пайгамбарыбыз (САВ) мындайча көрсөткөн: «Аялдарыңардын мечитке баруусуна тоскоол болбогула. Бирок үйлөрү алар үчүн мечитке баруудан да абзел». (Шавкани, 3/ 130)