app-rating-star app-vote-star arrow-in-circle collapsed-games person
  • Только для взрослых
  • Военные игры
  • Крутые тачки
  • Алмазбек Жунусов
    08-06-2011 15:27
    Суйуу темасындагы ырлар
    Сүйүүнүн табы күчтүү жалындаган,
    Ал отко ким магдырап жылынбаган.
    Арзышып коюу түндө сырын айтып,
    Ким кучактап, сүйгөнүнө жалынбаган.


    Сүйүү күчү


    Сүйүүгө ким багынып жалынбаган,
    Табына ким магдырап жылынбаган.
    Бар үчүн таза сүйүү арабызда,
    Сакталып келет дайым улуу аалам.

    Сүйүүгө ким багынып жалынбаган,
    Мейли ал жумушчубу,хан,паадышаң.
    Ак көңүл да,кичи пейил болуп калат,
    Ак сүйүүгө чалдыгышкан бүт адам.

    Сүйүүгө ким багынып жалынбаган,
    Таттуу балын тата алат урматтаган.
    Сезимдерди кирдетпестен бапестейли,
    Таза ойду жүрөктөрдө жашаган.

    Ак сүйүүдөн жаралганбыз баарыбыз,
    Таза болсун намыс менен арыбыз.
    Эсен аман өлгүчөңдү жашайлы,
    Бекем болуп бул сүйүүдө антыбыз.


    Карындаш


    Албырган сулуу жүзүң сезим козгоп,
    жүрөгүм көптөн бери дүрбөп жүрөт.
    Кылыктанган эрке мүнөз карындашым,
    кыйналган байкуш жүрөк сен деп согот.

    Айталбай сага деген ак сүйүүмдү,
    мынчалык кыйнадым мен жүрөгүмдү.
    Бажырайган жароокерим аяп келем,
    гүлдөй назик жумшак болгон мүнөзүңдү.

    Элик сымал ойноп турган кыялыңды,
    капысынан чочутуп албайынчы.
    Аяп келем ал тургай шамалдан да,
    акырын сылап өткөн саамайыңды.

    Ай нурундай төгүлгөн ак жүзүңдү
    карагаттай мөлтүрөгөн көздөрүңдү,
    Сулуулукту бир өзүңө ченебестен
    кудайымдын жаратканы мен үчүнбү.

    Жаркылдаган жароокерим кылыктанган,
    агаң болуп ишеничиң мен актаган.
    Көңүлдөрдү калтырышпай биз жүрөлү,
    бул жашоодо ойноп күлүп эсен-аман.
    13/08/06-ж.



    Карындаш

    Жүрөсүң жаркылдап,
    жүрөктү жаралап.
    Жымыңдап көздөрүң,
    жүзүңдөн нур жанат.

    Жароокер карындаш,
    агаңдын көөнүн ач.
    Махабат дайрасын,
    кечүүгө жардамдаш.

    Убакыт дарыя,
    агат го шаштыра.
    Кечикпей сүзөлү,
    жаштык кез убакта.

    Кайыгың болоюн,
    көөнүңө толоюн.
    Махабат дайрада,
    чөктүрбөй сүзөйүн.

    Карындаш кол сунам,
    махабат дайрадан.
    Жүрөгүм сен деди,
    Кыздардын тобунан.

    Көңүлүм каалады,
    өзүңдү самады.
    Таарынтпа суранам,
    күнөөкер агаңды.

    Тартылып жүз элес,
    бул сезим эскирбес.
    Өзүңдү жактырган,
    күнөө бир менде эмес.

    Карындаш суранам,
    «жок»-дебе укпастан.
    Сага арнап мен эми
    ырларды көп жазам.

    Шам чырак

    Эмнегедир алоолонуп балбылдап,
    жанбай калды терезеңде шам чырак.
    Эмнеге сен кеттиң беле таптакыр,
    байкуш жаным кыйналды го жалгыздап.

    Терезеңден түнү жанган шам чырак
    таасир берчүү,ыр жазчуумун ыр курап.
    Чындыгында шам чырактуу бөлмөдө,
    жашайт элең көңүлүмө сүйүү арнап.

    Караар элем терезеңди күнүгө,
    «келдиби»-деп ай периси үйүнө.
    Кечиккенде кээде жанбай шам чырак,
    тынчызданчуу байкуш жаным өзүнчө.

    Жанып турса үйүңдөгү шам чырак,
    көңүлүм да ачык болчуу жадырап.
    Бактылуу ошол күнгө жалгыз күбө,
    ошондогу калем жана ак барак.

    Айтылбай ал сезимим ичте калды,
    Уяң мүнөз кыялымда күнөө барбы?
    Айткычаңды ал сүйүүмдү ага деген,
    Жарык жанчуу шам чырак да жанбай калды.

    Терезеден алоолонуп нурун чача,
    Жанабы деп карай берчуум кайра-кайра.
    Шам чырак да жанбай калды ошол бойдон,
    сүйүүм калган айтылбастан сулуу кызга.

    Шоолаланбай эмнегедир айлуу түнүм,
    ыр жазалбай кыйналып көпкө жүрдүм.
    Дастан болбой чакан кана ыр болду го,
    жанбай калган ошондогу таза сүйүүм.
    20.08.06-ж.


    Аядым

    Дискотека, жаркылдаган ар түстөр,
    кадалышып бир бирине кумар көздөр.
    Бийлеп жаттык бир ыргакта экөөбүз,
    музыкага жарашкансып көңүлдөр.

    Сезим козгоп ошондогу көз караш,
    бийлеп жаттык көпчүлүкө аралаш.
    Биз бийледик кыймылыбыз эп келип,
    жаңы эле таанышсак да карындаш.

    Сүйлөштүк биз үн-сөзү жок көз менен,
    ак куум белең көптөн бери издеген.
    Таза көңүл жаштыгыңды аядым,
    мүрун соңгу бойдок кезде кайда элең?

    Айлуу түндө аяр кармап колумдан
    дискотека аяктаган соңунан,
    узатаарда назик гана «кош»-дедиң
    менден нени күттүң экен оюңдан.

    Ойлорумду көңүлүмдө калчадым,
    кантсе дагы сага ак жол кааладым.
    Көңүл каалап турса дагы бир сени,
    байчечекей гүлгүн кезиң аядым.
    21.08.06.

    Уяң сезим

    Жоолукканда эмнегедир тайсалдап,
    сүйлөшпөйбүз тааныштардай неге биз?
    Жүрбөсөк да көңүлдөрдөн сүйүү арнап,
    анан неге сүйлөшө албай келебиз?

    Көрүп калсам капысынан көчөдөн,
    калтырайым уялгансып өзүмчө.
    Жүрбөсөк да сүйүү арнап жүрөктөн,
    анан неге тайсалдайым өзүмчө?

    Өзүбүзчө күтсөк дагы үй-бүлө,
    дале болсо ошол сезим ошондой.
    Кандай бүлүк түшкөн эле сезимге?
    ойлоп коём кээде өзүмчө сени ойлой.

    Арнашпадык сүйүү гүлүн тартуулай,
    анан кайдан пайда болгон бул сезим.
    Бул түйүндүн жандырмагын табалбай,
    дале болсо түшүнө албай келемин.

    Кээ күндөрү түшкө дагы киресиң,
    мен өзүмчө ойлогондон деп коём.
    Татпасак да таттуу сүйүү ширесин,
    кандай сезим тынчтанып бир койбогон.

    Кай бир кезде ойлорумду бекемдеп,
    жолугууга кээде өзүмө сөз берем.
    Жумушуна сөзсүз барып кирем деп,
    уялгансып жолугалбай мен кетем.

    Көрүшкөндө дале болсо тайсалдап,
    уялгансып тартынып мен жүрөмүн.
    Чындыгында ойлоп көрсөм чын эле,
    жактырганбы балким сени жүрөгүм.
    22.08.06-ж.


    Ак кайың

    Кечир мени,кечиргиниң ак сүйүү,
    Неге соолду ак сүйүүнүн жаш гүлү?
    Дале болсо түшүнө албай келемин,
    Курган жаным сенсиз мынтип үшүдү.

    Көз алдымда ошол күнүм биз таанышкан,
    Кечи эле күз мезгилдин жамгыр жааган.
    Көңүл ачып келе жатып бульвар менен,
    Сен экөөбүз таанышканбыз капыстан.

    Жамгырлуу кеч салкын тартып аба да,
    Сезим козгоп жеңил кайрык музыка.
    Бийлеп жаттык карашкандан жадабай,
    Көптөн бери тааныштардай башкача.

    Унутулбайт ошондогу көз караш,
    Унутууга чамам дагы жете албас.
    Мукам үндүү, жеңил кайрык музыка,
    Бир өзүңсүз эми андай жаңырбас.

    Көп эс алдым биз таанышкан бульварда,
    Үнсүз тиктейим көөп бутактуу кайыңга.
    Канча жолу сыр төгүшүп сырдаштык,
    Олтургучта ошол кайың астында.

    Ак кайыңдай сен экөөбүз бой тиреп,
    Чырмалышып бир өсөбүз дечүү элек.
    Тиленчүүбүз жаштык кыял ой менен,
    Бутагындай көөп баланы биз эңсеп.

    Ишке ашпады ошол аруу кыялдар,
    Айтчы деги кимибизде күнөө бар?
    Бир кездеги тиленгендей экөөбүз,
    Эмне себеп өсө албадык кайыңдай?…..

    Күнөөлүдөй мен карайым кайыңга,
    Кыялымда жаңыргансып жай музыка.
    Жалгыз өзүң күбө болгон ак сүйүү,
    Эмне себеп жашабады узака?….

    Сулууларга

    Ах сулуулар,сулуулар
    Байкаттырбай жигиттин,
    Жүрөгүнө чок салаар.
    Улуу Алыкул айткандай,
    Канча түрлүү сүйүүң бар.
    Күлүп койсоң жылмайып,
    Курган жүрөк кыйналаар.
    Айткылачы сулуулар
    бизди мынча кыйнаган,
    кандай күчтүү сезим ал.

    Назик уяң кыз жүрөк,
    Ак көңүлбү ченелбей?
    Канча жигит жүдөтөт,
    Тунук күлкүң билинбей.
    Жалгыз мага күлдү деп
    Бактылуудай биз жүрсөк,
    Тунук күлкүң эңсеген
    Жигиттер да көбөйөт.
    Деги айтчы кыз жүрөк,
    Канча жигит сүйүшөт?.

    Ах сулуулар,сулуулар
    Жигиттерди кыйнаган,
    Мынча неге шоксуңар?
    Көңүлдөрдө кайнаган,
    Сезим жаккан отсуңар.
    Билиндирбей жашырган,
    Канча түрлүү сүйүүң бар?
    Ах сулуулар,сулуулар
    Курган жүрөк кыйнаган,
    Кандай күчтүү сырың ал?…


    Эмне себеп?


    Тааныш көздөр чагылышты жылмайып,
    Көздөрдү албай бир-бирине кадалып.
    Жүрөгүмдүн кайра козгоп жарасын,
    Жолуктук биз кайдан кана адашып.

    Көрүшкөнгө канткенде мен кубанам,
    Анткен себеп ак жоолугуң байланган.
    Улуу элимдин салты менен башкага,
    Кеткениңе ич ачышып таарынам.

    Катык сүйүп мынча сага байлангам,
    Эски жарам кайта козгоп кыйналам.
    Канткенде биз жолугабыз кол сунуп,
    Коштоп жүрсө жаныңдагы башка адам.

    Жүрөк чиркин сүйгөнчөлүк перисиң,
    Кыйнап жанды айтчы деги сен кимсиң?
    Ай жүзүңө ак жоолугуң жарашып,
    Андан өтүп сулуу болуп кетипсиң.

    Кайдан кана сени сүйдүм адашып,
    Жетпеген соң тагдырга мен багынып.
    Куса болуп жүрөгүмдү эзгилеп,
    Дале жүрөм бир өзүңдү сагынып.

    Салкын тарткан Бишкегимдин түндөрү,
    Ошондогу ак сүйүүмдүн күбөсү.
    Эмне себеп бирге согуп түбөлүк,
    Чогуу болбойт сүйүшкөндөр жүрөгү?.

    Эх, алдамчы бото көз

    Сулуу тартып ак жоолугуң жарашып,
    Турмуш курдуң башкага сен жанашып.
    Бир кездеги аруу сезим арнашкан,
    Кайда кетти биздин сүйүү адашып.

    Эх алдамчы бото көз,
    Кайда калды биздин сөз?
    Сезим козгоп сүйүшкөн,
    Жаштык кезим көөнөрбөс.

    Сен жүрөсүң бактылуудай шаңданып,
    Кээде калат байкуш көздөр кадалып.
    Башкаларга сыр билдирбей астыртан,
    Карашкандай жылуу сезим арнашып.

    Эх татына ак жоолук,
    Жүрө албадык бир болуп.
    Биздин сүйүү эмнеге,
    Жанбай калды түбөлүк?

    Чындап сүйсөң эх бото көз жүрөктөн,
    Анан неге корктуң экен күткөндөн.
    Тагдыр экен бактылуу бол өкүнбөйүм,
    Бекем болсун бузулбастан үй-бүлөң.

    Ак жоолукчан,жоолукчан
    Алгач күндү жоолуккан,
    Жакшы кезек ал дагы
    Унутпагын эч качан.

    Өкүнөбчү

    Шолоктоп көз жашыңды агызып,
    ыйлабачы көздө не айып.
    Ызааланып айыптайсың сүйүүнү,
    Таза тунук махабатта не жазык.

    Бажырайып гүл ачкандай кызыл гүл,
    Сүйүү гүлүң бажырайып байлаар бүр.
    Эртеңкиден үмүт үзбөй кайрадан,
    Шаттанып бажыраңдап шайыр жүр.

    Экөөбүздү баш коштуруп түбөлүк,
    Кошподу деп айыптайсың кимди эми?
    Кабылаарсың дагы тунук сүйүүгө,
    Мындан нары тааныштардай жүрөлүк.
    19.02.01-ж.

    Азгырба

    Азгырба ширин- таттуу сөзүң менен,
    Жэ балким чындап мени сүйдүң бекен.
    Жок,жок мен ишене албайым сөздөрүңө,
    Ойноктоп турган сенин көздөрүңө.

    Жеңилдике алдырбай ойлон терең,
    Сабыр кылып өз сүйүүңдү издеп тапчы.
    Түз жолуңан адашпай жүргүн бекем,
    Башы бош жигиттер көп менден жакшы.
    15.03.01-ж.


    Кыз күтпөйүм баштагыдай

    Жолугушчуу жерди болжошуп,
    Мен эми кыз күтпөйүм баштагыдай.
    Дээлигип колума гүл көтөрүп,
    Суктанбайым «сулуусуң» деп ай чырай.

    Турмуштун агып жаткан чоң суусуна,
    Түшкөмүн кайыгына калак кармай.
    Башкарам кайыгымды өз нугунда,
    Жардамчым сүйгөн жарым мени жандай.

    Дагы да пайда болгон жардамчыбыз,
    Кичинекей ширин кызым Мусана.
    Күндөн-күнгө пайда болгон кылыктары,
    Дем күч берип шыктандырат дайыма.

    Алдыда көп жакшылык бизге делип,
    Ишенем күтүп турат энчиленип.
    Ааламда тынчтык болсун оо жараткан,
    Бакыт нуру ар бир үйгө себеленип.
    19.06.01-ж.


    Жарым болчу

    Айлуу түн, айлана да керемет,
    Сени эңсейм алоолонуп көңүл дегдеп.
    Бир өзүңө арналычуу сөздөрүмдү,
    Катып келем жүрөгүмө белендеп.

    Сенде бар мен жактырган сулуулук,
    Сенде бар күн нурундай жылуулук.
    Жаркылдаган жарым болчу түбөлүк,
    Өмүр бою кол кармашып бир болуп.
    08.09.01-ж.


    Сезим күсөөсү

    Жамгыр жааган дыбыратып себелеп,
    Ошондой кеч болсочу дагы эртерээк.
    Ошол кечте күтөйүнчү сулуу кыз,
    Келип кетчи ак көйнөкчөн делбиреп.

    Жамгырлуу жайдын күнү,
    Алтыным сени тапкам.
    Сагындым ошол кечти,
    Экөөбүз чогуу баскан.

    Куса болдум жалгызсырап,
    Кыялымда сени самап.
    Бүгүн дагы түш көрөйүн,
    Түшкө кирчи күлүп жайнап.
    24.06.2000-ж.

    Тигилбечи анчалык

    Жалооруп тигилесиң неге мынча,
    Жомоктогу илбериңки бото көзүм.
    Сен мени ушунчалык ойго салдың
    Жетпедиби баягы айткан сөзүм.

    Суранам көп атпачы көзүң менен,
    Бечара жаман болот жүрөк деген.
    Мен сага түшүндүргөм бүт баардыгын,
    Сүйөм аны таза тунук сезим менен.




    Сен дагы ойлойсуңбу?

    Негедир бүгүн сен жөнүндө ойлондум,
    Экөөбүздүн ортобузда бүт болгонун.
    Таанышкан күн, акыркы күн,
    Эске салып мен өзүмчө толгондум.

    Азыр сен кимдерге жарык болуп,
    Кай жерде алыстап жүрдүң экен?
    Жигитиң сүйүүңө мас болуп,
    Менчелик балбылдап күйдү бекен.

    Жүрчү элек өзүбүзчө бактылуу,
    Ынак болуп өзгөлөрдөн башкача.
    Ал кездеги сезимдер да аялуу.
    Ойлорубуз болчуу эле таптаза.

    Мен сени алгач ирет сүйгөн элем,
    Эң тунук баё мүнөз сезим менен.
    Сен дагы мен жөнүндө кээ бир кезде,
    Ойлонуп эске салып жүрдүң бекен.

    Бактылуу бол, кааларым менин сага,
    Боорукер жары болгун сен ага.
    Мен дагы мындан нары ойлобойум,
    Таарынбайым буюрган тагдырыма.
    27.06.2000-ж.

    Жамгырлуу кеч

    Жамгырлуу кеч,маанайым да көңүлдүү,
    Кайдасың сен сагындым го өзүңдү.
    Келчи жаным күттүрбөстөн тезирээк,
    Сырдашалы сөзгө салып өткөндү.

    Сырт карайым,бийик өскөн дарактар,
    Сейилдешип жай басышат адамдар.
    Ошолордун арасында сен барсып,
    Карай берем үзүлгөнчө караандар.

    Күн күркүрөп төгөт жамгыр шатырап,
    Төкчү дагы төгө берчи дабырттап.
    Дыбыраган дабышыңа кошулуп,
    Сени эстеп ыр жазамын санааркап.

    Төкчү жамгыр,тазарсынчы аба да,
    Эс алайын таасирленип башкача.
    Бир өзүңдү элестетип сүйгөнүм,
    Ыр жазайын таң шооласы атканча.
    02.08.2000-ж.Бишкек


    Азгырбачы көзүң менен

    Кызылды кийсең түрлөнүп өзүң,
    Балбылдап жанып ботодой көзүң.
    Өзүңө тартып баратат жаным,
    Аселдей болгон ширелүү сөзүң.

    Көк көйнөк кийсең көйкөлүп денең,
    Сен өзүңчө азгырык белең?
    Баш бербей балкып эркиме жаным,
    Магдырап барат көөшүлүп денем.

    Тигилип мага тиктебе көзгө,
    Жалбырттап күйөт май куйсаң бөзгө.
    Шол сыңары «дуу» этип жаным,
    Кеп болбойлу кабылып сөзгө.

    Сулуулар

    Сулууга суктанбаган адам барбы?
    Бактылуу го сулуу даамын таткандары.
    Бах чиркин!сезимиңди дүрбөтөт го,
    Назик кана жымың эткен кылыктары.

    Жарк этип сага карап койсо күлүп,
    Бактылуусуң түгөнбөгөн ойго чөгүп.
    Түнү дагы тынч жаталбайт байкуш жигит,
    Сулуу элесин элестетип түштө көрүп.

    Кыйынсыңар,кыйтырсыңар эх сулуулар,
    Силерге арнап канчалаган ыр окулаар.
    Сыр бербестен бүт баардыгын сиңирген,
    Мынча кенен ички туюм ойуңар.

    Керилип марал сымал бассаңар,
    Бүткүл оюң дароо сага бурулаар.
    «Ач көз» көздү бир өзүнө тартышкан,
    Бул жашоонун өзөгү го сулуулар.

    Жан жылыткан жадыраган күнсүңөр,
    Жан жыргаткан кубулжуган үнсүңөр.
    Кулак менен жалган сүйүү укпастан,
    Жүрөк менен тандап бирди сүйсөңөр.


    Күтүү

    Издейим сени асман тиктеп алыстан,
    Кылак этип көрүнчүүдөй булуттан.
    Карааныңды качырдыңбы түбөлүк?
    Келбөөчүдөй кайрылып сен кайрадан.

    Издеп келем көпчүлүктүн ичинен,
    Жарк этип бир көрүнсө деп четинен.
    Кабарыңды билгизсеңчи кайдасың?
    Кандай жансың кыйналганым сезбеген.

    Кеттиң беле сезимимди байкабай,
    Сага деген таза сүйүүм жаналбай.
    Айтчы деги келээр жагың кай тарап?
    Күтөйүнчү ошол жактан көздү албай.

    Күлгөнүңдү окшоштурам башкага,
    Жагымдуудай угулгансып кулака.
    Сезимимди кыйнап коюп айыккыс,
    Кайрылбастан кеттиң эле кай жака?

    Күтөм сени жамгыр жааган кечтерде,
    Үмүтүмдү үзө албастан дагы эле.
    Күтүп жүрөм кыялданып негедир,
    Айталбаган бугум топтоп ичимде.

    Канткенде,кантип?...

    Шылдырап агып турса мөлтүр булак,
    Ичпей кантип коё аласың турсаң чаңкап.
    Сулуу айым жүзүн бурса жымың этип,
    Канткенде көз салбайсың аны карап?

    Гүл өссө бажырайып боюн тиреп,
    Канткенде коё албайсың жытын искеп?
    Сулуу айым кашын серпсе толгон айдай,
    Кантип анан коё албайсың аны эңсеп?

    Сулуулукту кыйынсынуу коштоп жүрсө,
    Андан бетер чок салгансыйт так жүрөкө.
    Кылыктанып кумарлуу карап койсо,
    Кантип анан ойлобойсуң кою түндө?

    Эх сулуулар сезимдерди кыйнаган,
    Ашык болуп канчалары колун сунган.
    Биз көргөн сулуу жүздөй түбөлүкө,
    Ошол бойдон булганбай таза калсаң.



    Чындап сени сүйгөн адам
    окшоймун

    Эмнегедир көп ойлочуу болдум сени,
    Элестетип жайдаңдаган жаш кезиңди.
    Эх чиркин,кандай айла кылсак дагы,
    Бул күнгө ал кайрылып келбейт эми.

    Жаштыктын жалындаган кызуу деми,
    Түбөлүкө өзгөрүлбөй калса деги.
    Билиндирбей жаш жүзүңдү уурдап алган,
    Көрө албас карылыктын барбы кеги.

    Ойлогон ойлор дайым ишке ашса,
    Убакыт жаштыгыңды талашпаса.
    Балбылдаган айдай болгон сулуу жүздөр,
    Өлгүчөңдү ошол бойдон тунук калса.

    Бул күндө башка адамсың өзгөрүлгөн,
    Сенин дагы максатың бар өзүң күткөн.
    Сага деген кыялдануум таза калсын,
    Сезимдеги жакшы ойлорду коштоп жүргөн.

    Чындап сени сүйгөн адам окшоймун,
    Эмнеге эле дайым сени ойлоймун?
    Сезсем дагы неге мынча кыйналдым?
    Бул сүйүүнүн бирге эми болбошун.


    Элес

    Суу көтөрсөң сен ийилип бакан менен,
    Секин карап мен өзүмчө ойго кетем.
    Ыкчоо кыймыл,ачык көңүл жайдаңдаган,
    Кыз кездеги ал жүрүшүң кайда кеткен?

    Азыр сенин башыңда бар жоолугуң,
    Менде да бар сендей болгон колуктум.
    Бул жашоонун шарты ушундай тура деген,
    Сөздөрдү мен көздөрүңдөн окудум.

    Кат алышып сезим бүрү гүлдөгөн
    Ортобузда сүйүү деле болбогон.
    Бул ырымды сени эстеп жазып койдум,
    Жөн кана жакшы көрүп жүргөнүмөн.



    Бирок андай болбоду

    Эгер сен болгонуңда мага Айдай,
    Шыктанып жазаар белем Алыкулдай.
    А бирок ойлогондой болбоду го,
    Көкөлөп учалбадым алсыз куштай.

    Эгер сен болгонуңда мага күндөй,
    Жазаар белем Кожогелди Култегиндей.
    А балким бир болууну жазбагандыр,
    Кала бердим бир өзүңө колум жетпей.

    Башкага сен кадимки эле жөн аялдай,
    Ал да жашайт сенин баркың сезе албай.
    Сага деген канча ырлар жазылбады,
    Эч ким билбес жүрөктөгү каткан сырдай.

    Жолукпайбыз эки жака аккан суудай,
    Өткөн күндү кайрадан биз кайрый албай.
    Көңүлдөрдө жашайбыз кээде эстелип,
    Эч ким билбес катылган купядай.

    Чындап эле болгонуңда мага Айдай,
    Балким мен да жазмакмын Алыкулдай.
    Чындап эле болгонуңда мага күндөй,
    Көп ырларым жазаар элем сага арнай.
    11.12.08-ж.

    Суранаарым

    «Кыял» деп, кыялданып атың жазам,
    Кээ мезгилде өткөн кезди эске салам.
    Алигиче түшүнө албай келемин,
    Сенин ойуң неге мага таарынган.

    Назик көңүл,жылуу-жумшак мамиле,
    Узабады көралбастар көп беле?
    Күнгө жетпей шүүдүрүмдөй күүбүлдү,
    Жыл айланып жүралбадык эмнеге?

    Аман бол, кантсе дагы кайда жүрбө,
    Жаман ойдо болбогун мен жөнүндө.
    Көңүлдөрдө таза калсын өткөн күндөр,
    Ал кайрылып келбейт кайра ушул күнгө.

    Биз адамбыз сезим менен баамдап сезген,
    Ак-караны айырмалап маани берген.
    Суранаарым жан дүйнөңдө таза калсын,
    Жакшы күндөр ал мезгилде өтүп кеткен.

    Шок сезим

    Торгойдой безеп сайраган,
    Төкмө акын болуп ырдасам.
    Каш серптиң неге сулуу кыз?
    Кызыгып сени карасам.

    Акын бир болуп ыр жазсам,
    Ырымды сага арнасам.
    Макулмун десең сулуу кыз,
    Жанашып колуң кармасам.

    Назик бир желге ыргалат,
    Дирилдеп чиркин кызгалдак.
    Калтардай чачың сыласам,
    Колдорум менен салаалап.

    Кашыңды мага серпкениң,
    Сезимди чиркин дегдеттиң.
    Көптөн бери жазбаган,
    Сүйүү ырларын эстеттиң.

    Көңүлүм куунак салтанат,
    Көңүлдүү ырлар жаралат.
    Каш серпип назик жылмаюуң,
    Жүрөктү кетти жаралап.

    Шоктонуп сезим баш багат,
    Ырларым сага арналат.
    Багынтып чиркин сулуунун,
    Көңүлүн кантип табалат?...

    Кардагы сүрөт

    Күтөм сени ызгаар кышка карабай,
    Жолуң карайым эртели-кеч жадабай.
    «Сүйөм» деген жүрөктөгү сезимди,
    Коштошоордо калгам сага айталбай.

    Ушул күндө сен кайдасың, мен кайда?
    Жолугууга таба аламбы бир айла.
    Бир өзүңсүз үшүп турам алсырап,
    Окшош болуп жалбыраксыз дарака.

    Мен жөнүндө ойлодуңбу сен дагы?
    Ал күндөрдү бирге жүргөн кыштагы.
    Эсиңдеби таза көңүл ой менен,
    Жүрөкчөнү тартканыбыз кардагы.

    Ал сүрөттөр кар сыңары ээригендей,
    Койдуң бекен балким такыр эстебей.
    Карга тарткан ошондогу сүрөттөр,
    Көңүлүмдө жашап жүрөт эрибей.
    27.01.09-ж.

    Поездеги сапарлашыма

    Күмөндөрдөй сапарлашым жөнүндө,
    Ырым жаздым узаак жолдо төрт күнчө.
    Алар учса самалетто үч-төрт саат,
    Биз бараттык поезд менен шарактап.

    Коңшу болуп бир купеде тааныштык,
    Алгач жолу уяң мүнөз сыр катып.
    Таанышкан соң тил табышып тез эле,
    Тааныштардай биз сырдашып бараттык.

    Тамактандык бир табака аш салып,
    Өткөн-кеткен окуядан сурашып.
    Дене бойго нур таратты каректер,
    Бир бирине кадалгансып карашып.

    Сүйлөп калсаң башкалрага каш кагып
    Эмнегдир мен өзүмчө кызганып,
    Кыйнагансып шок сезимдер көңүлдү
    Биз поездин ыргагында бараттык.

    Абыловдой мен да сенден суранам,
    Бул күндөрдү эстей жүргүн ар качан.
    Кабыл алгын поездеги сапарлаш,
    Мен да туурап сага арнап ыр жазсам.

    Кышкы алча

    Кышкы алча, кышкы алча
    Сумсаясың неге мынча?
    Ак сүйүүдөн жаза басып,
    Тайгаландың эрте жазда.

    Кызыл күңгүрт болгон түсүң,
    Жаздагыдай болбой өңүң.
    Жаза баскан тагдырыңа,
    Капаланып турат жүзүң.

    Кышыкы алча, кышкы алча
    Шок кыялдар жаш балача,
    Чагылгандай кыска беле
    Ак сүйүүлөр кетти кайда?

    Үшүдүңбү кышкы сууктан,
    Махабаттын кастыгынан?
    Көңүлдөргө так болобу,
    Бул жазыгың жаза баскан?

    Алча,алча кышкы алча,
    Махабатка кастык кылба.
    Ак сүйүүдө таза болгун,
    Жалган айтпай эч бир кылча.
    28.01.09-ж.


    Мажүрүм тал

    Мажүрүм тал көлөкөлүү
    Кыз-жигиттер жакшы көрчүү,
    Түгөнбөгөн маектери
    Ушул жерде дайым өтчүү.

    Кыз чачындай тарам-тарам
    Чырпыктарың карап турсам,
    Кыз-жигиттин ак сүйүүсүн
    Сен күбөсүң жалгыз уккан.

    Мажүрүм тал көлөкөңдө
    Сүйүшкөндөр өбүшкөндө,
    Сырдашуулар эске түшөт
    Менин дагы өткөн күндө.

    Сен күбөсүң сүйүү ырына,
    Кыз жигиттин сырларына.
    Чымчык болуп мен консомбу?
    Сабалаган чырпыгыңа.



    Татынам

    Шар аккан суунун боюнан,
    Ак сулуу сага жолуксам.
    Сүйүүмдү арнап жүрөктөн,
    Тиземди бүгүп кол сунсам.

    Ашыктык ырын ырдасам,
    Кунт коюп сулуу сен уксаң.
    Бетиңе серпкен тамчыдай,
    Жүзүңөн назик сыласам.

    Алганы сууга сен барсаң,
    Чаканы илип баканчан.
    Эңкейип туруп сузаарда,
    Сылап бир колуң кармасам.

    Ичкиң бир келип суусасаң,
    Кош колдоп менден ууртасаң.
    Анардай кызыл ээрдиңде,
    Тамшантып даамдуу мен калсам.

    Күзгүдөй кылып карансаң,
    Жүзүңдү суулап сыласаң.
    Көзүңдөн сенин чолпондой,
    Назик бир аяр жыттасам.

    Ак сулуу менин татынам,
    Өзүңө арнап ыр жазам.
    Жадырап жаным тосуп ал,
    Сагынып сага баратам.




    Илияздын ыры

    Сүйгөм сени чын көңүлдөн сезим менен,
    Сен анда жапжаш элең дирилдеген.
    Адашкан ак сүйүүмдүн жандырмагын,
    Эмдигиче жообун таппай издеп келем.

    Издеп келем,ыйлап келем,сыздап келем,
    Жаштыгымды карайлатып алып кеткен.
    Көрө албаган орто жолдо тикенектер,
    Сезими жок азгырык шайтан экен.

    Оо Аселим! кызыл жоолук кызгалдгым,
    Ардактап ишеничиң бага албадым.
    Мага дагы аздык кылат ошол азап,
    Адашкан мен бир шорлуу бир адаммын.

    Сен тазасың аппак кардай ашуудагы,
    Теңебейим башкалардын чачын дагы.
    Сага деген тунук сүйүүм жүрөктөгү,
    Ал эскирбейт,унутулбайт кылым дагы.

    Сен тазасың ак таңындай Тянь-Шандын,
    Сени издеп айылыңа канча бардым.
    Көзгө жатык канча жолу каттап жүргөн,
    Тагдыр экен ашуудан сени таптым.

    А бирок таалайымдан мен адаштым,
    Кечире албай сен менден тетир бастың.
    Жалгыз кана ортобузда бүчүр калды,
    Балам Самат,кичинекей менин бактым.

    Ыссык-көлдүн шарпылдаган толкунусуң,
    Сүттөй аппак айлуу түндүн шоокумусуң.
    Эстегенде жүрөгүмдү жаралаган,
    Жүрөктөгү ак сүйүүмдүн обонусуң.

    Сүйгөм сени, чын көңүлдөн сезим менен,
    Сен анда жапжаш элең дирилдеген.
    Адашкан ак сүйүүмдүн жандырмагын,
    Эмдигиче жообун таппай издеп келем.


    Ак сүйүү

    Көңүлдөрдө аздектелип бышкан сезим,
    Ушул түнү ачыка чыгат бейим.
    Табигат да тыңшагансып бейпил тартат,
    Даниярдын Жамилага айтчуу кебин.

    Жуурулушуп тунук ойлор бир-бирине
    Денелери оролушуп имериле,
    Ак сүйүүнүн учкундары ээ-жаа бербей
    Сиңип жатты ошол кечтин иңирине.

    Сиңип жатты ал учкундар ак саманга,
    Сиңип жатты кечки соккон жай шамалга.
    Сезим отко Жамила ээрип жатты,
    Даниярдын карылуу колдорунда.

    Күндүн катык ошондогу күркүрөшү,
    Даниярдын тоо жаңырткан күлкүлөрү.
    Чагылгандуу ошол кечте жааган жамгыр,
    Эки жаштын бактылуу сүйүүлөрү.

    Жэ болбосо жаркылдаган чагылган,
    Даниярдын жылмаюусу кабак жарган.
    Көз жашы нөшөрлөгөн жааган жамгыр,
    Жамиланын кубанычтан тамчылаган.

    Бышкан дандай ошол күздө эки жаштын,
    Далилдеди ак сүйүүнүн бышкандыгын.
    Ким таналат ал обондор түбөлүкө,
    Эскирбей жүрөктөрдө ырдалаарын.


    Алгач сезимдер

    Кыялда сабак өтчүүмүн,
    Кадимки Дүйшөн өзүндөй.
    Өзүңдү жакшы көрчүүмүн,
    Байчечек Мырзагүлүмдөй.

    Шаштырып учкан убакыт,
    Жаштыкты колдон талашат.
    Жашоонун гүлү ал мезгил,
    Болот бир тура жаштык чак.

    Ал кездер өттү билинбей
    Сыртыңан дале сыр бербей,
    Ичиңен сен да сызаарсың
    Жүрүшүң ойлуу келиндей.

    Карылык келээр сездирбей,
    Гүлсары атты теминтбей.
    А бирок алгач сүйүүлөр,
    Жашайт бир тура эскирбей.

    Өзүмчө кыялдануу

    Мен дагы калгандырмын бирөөлөрдүн,
    Күндөлүк дептеринде арман болуп.
    Байкабай сулуулардын сүйүүлөрүн,
    Сыздаттымбы сезимдерин отту койуп.

    Мени дагы ал күндөрдө күтүшкөндүр,
    Кээ бирлери балким чындап сүйүшкөндүр.
    Ал кездерге сарасеп салып турам,
    Отуз ашкан бул күндөрдө эмне үчүндүр.

    Мага дагы сүйүү ырларын жазышкандыр,
    Жини келип же тытышып салышкандыр.
    А бирок чогуу түшкөн сүрөттөрдү,
    Тыталышпай дагы деле сакташкандыр.

    Жашоо тура көпкө чуркап бирөөсүнө,
    Токтолуп таттуу болуп бир үй-бүлө.
    Сүйгөн жардан башкалары жөн гана,
    Жашап калат турбайбы көңүлдөрдө.



    Асел

    Асел деп атың ширин, өзүң таттуу,
    Сени сүйүп жүрөгүм ооруйт катуу.
    Өзүң менен бул жашоодо бир болуп,
    Жазды бекен сүйүү даамын бир татуу.

    Ай жүзүң бажырайып жанган жылдыз,
    Өзүңсүз караңгы түн турган айсыз.
    Жоолуканда сага деген ак сүйүүмдү,
    Тайсалдап айталбастан турам алсыз.

    Оо Асел жомоктогу сен ханыша,
    Даба болчу жүрөгүмдүн жарасына.
    Ай ким билет жайдаңдаган жароокерим,
    Жаралдың ай кандай жигит бактысына?

    Аппак тишиң жарк этип бир күлгөнүң,
    Тилип кетет так ортосун жүрөгүмдүн.
    Канткенде сага айтып батынамын,
    Бир гана жалгыз сени сүйгөндүгүм.

    Оо Асел, Асел, Асел жаным Асел,
    Сени сүйүп болдум го катуу кесел.
    Колуң сунчу жарк этип таңкы күндөй,
    Мага деген оюң болсо сенин эгер?


    Сезбептирмин

    Сенин кыска ойлуулугуң билгенимде,
    Айтпайт элем сага менин сырларым.
    Көңүлчөөктүк жеңилдигиң сезгенимде,
    Жазбайт элем сага сүйүү ырларын.

    Ызааланып көңүлдөрүм ооруп турат,
    Сен менен таанышканым эстеп алып.
    Жүрөгүм тыз-тыз этип ооруйт бурап,
    Сага деген аруу ойлор ээсиз калып.

    Сен деген сезими жок караан белең?
    Көлөкөңдү көңүлүмө сыйпап өткөн.
    Жан дүйнөңдөн мээрим салып сезбеген,
    Жан экенсиң жылуулугуң күйүп бүткөн.

    Мен сени мурдатадан билгенимде,
    Арнабасмын сага жылуу сөздөрүм.
    Ызаа толуп көөдөндөгү сезимиме
    Жашка толуп ыйлап турат көздөрүм.



    Гүл сүйүү

    Сен кызыл гүл багбан эккен бакчада,
    А мен байкуш көзүм түшкөн бир сага.
    Гүлдөй назик дирилдеген жүзүңдү,
    Сүйүптүрмүн ошол жазгы жамгырда.

    Эстей берем ошол жазды дайыма,
    Үлбүрөгөн кызыл гүл жок бакчада.
    Дирилдеген желекчелер учканбы,
    Тентек соккон ошол жазгы шамалга?

    А мен болсо ал шамалдан коруучум,
    Өсүшүнө залал келип калат деп.
    Байкаттырбай жүрөгүмдү ооруттуң,
    Тентек шамал кеткен тура жетелеп.

    Эстей берем ошол жазды неге мен?
    Сүйүү деген жүрөгүмө гүл эккен.
    Эмнегедир ошол жазда ак сүйүүм,
    Гүлдөй сымал өмүрү да аз экен.


    Ойумда болуп сен мендик


    Сезимди өрттөйт тиктешиң,
    Арманым болуп сен менин.
    Сезбепмин сүйүү аптабын,
    Мынчалык күчтүү экенин.

    Ууртуңдагы уячаң
    Чачыңды силкип кулпурсаң,
    Сезимдер чиркин дирилдейт
    Өзүңө деп агылган.

    Койкойгон сенин мойнуңан,
    Козголот жүрөк оордунан.
    Сезесиң качан арзуумду?
    Бир сага деп арналган.

    Акактай тишиң тизилип,
    Сүйлөсөң сырдуу түр берип,
    Өзүңдү эңсеп чыдабай,
    Жүрөгүм жүрөт эзилип.

    Көздөрүң мөлтүр карагат,
    Жүрөктү чиркин жаралап,
    Сага деген сүйүүмдү,
    Айталбай жүрөм калтырап.

    Чийилген айдай каштарың
    Калтардай кара чачтарың,
    Ойлонуп коём өзүмчө
    Мен үчүн болуп калбасын.

    Жүрөктүн дүк-дүк кагышын
    Коштогонсуп басышың,
    Карматпас коён сыңары
    Тыпылдап тез-тез басасың.

    Акактай жүздүү ажарың,
    Албырып нурдай жанаарың,
    Суктанган менин оюмда
    Сен мендик болуп калгансың.

    Сен дедим

    Кыялымда энчилеп мендик кылып,
    Сүйүп жүрөм сулуу кыз ичтен сызып.
    Жоолукканда бир башкача болуп кетем,
    Дүк-дүк согуп жүрөгүм каным кызып.

    Миң кайталап атыңды жаттап алгам,
    Ырым жазам жүрөгүмдөн сага арнаган.
    Ал ыр менен айтылган ак сүйүүмдү,
    Каш серппестен кабыл алчы суранам.

    Махабаттын аптабында чаңкап турам,
    Бир өзүңдөн сүйүүнүн табын сезип.
    Жоолуктурдум гүлүм сени бажырайган,
    Жаштыктын шарактаган күнүн кезип.

    Ээлеп алып ойлорумду сүйүү сезим,
    Көңүл эңсеп ар убак өзүң дедим.
    Бир болууну экөөбүзгө жазды бекен?
    Айдай сулуу илбериңки секелегим.

    Өлбөс сүйүү
    (Канат менен Заринанын сүйүүсү)

    Эки аккуу бийик учуп айланып
    Аппак болуп бир-бирине кыналып,
    Канча адамдын көңүлүндө түбөлүк
    Жашап калды таза ойдо кадалып.

    Унутулуп өлбөдү алар жашоодо,
    Жашап келет таза,жарык ойлордо.
    Аруу-тунук ак сүйүүнүн символу,
    Ал аккуулар түбөлүкө жашайт ко.

    Ак сүйүүсүн эки жаштын кармашкан,
    Татаал сыноо берди окшойт жараткан.
    «Өлгөн соң да бир болобуз экөөбүз»-
    Деп антташкан улук сөзүн байкаган.

    Чындыгында ошол анты бек экен,
    Эки жаштын бир-бирине сөз берген.
    Дастандарда аңыз болуп айтылган,
    Башкалардан Зарина кыз кем бекен?...

    Ал мурунку чыгармалар чынында,
    Ишенбечүүм таасир берип башкача.
    Сүйүшкөндөр бекем сөзүн тастыктап,
    Учуп кетти баатырларча Зарина.

    Ак сүйүүнүн ак сөзү да чын экен,
    Чын жүрөктөн бир-бирине берилген.
    Эки жашты аяшкандай канчалар,
    Оор дем алды өкүнүчтүү ой менен.

    Ээлеп алган көпчүлүктүн көңүлүн
    Ак сүйүүгө курман эткен өмүрүн,
    Сүйүшкөндөр аңыз кылып кеп кылаар
    Канат менен Заринанын сүйүүсүн.

    Тал чыбыктай өздөрү да жаш бойдон,
    Сүйүүсү да куру калды ак тойдон.
    Аябаган жэ сүйүүсүн жэ жашын,
    Ач көз ажал сен сокурсуң тойбогон.
    27.05.09-ж.

    Көңүл күсөөсү

    Издеп келем сеникиндей көз карашты,
    Эмнегедир каякадыр ал адашты?
    Жалган айтып таналбайым чынында,
    Өзүң деген сезимдеги талашты.

    Аттиң ошол кыска экен сүйүүбүз,
    Кол кармашып биз бактылуу жүрчүүбүз.
    Экөөбүз тең сезбедик ко ошондо,
    Жакындыгын биз адашчуу күнүбүз.

    Көз карашты сеникиндей мен эми,
    Таппай келем кыдырсам да көп элди.
    Унутам деп канча аракет кылсам да,
    Кайта ошончо түйшүктөнттүң сен мени.

    Сүйүүбүздүн бүтүп кыска баяны,
    Көңүлүмө тоодой түйшүк байланды.
    Сага деген сагынычым кээ күнү,
    «Шыр» эткенде төрт сап ырга айланды.

    Сагыныч

    Мезгил өтүп токтолсом да бул кезде,
    Сага деген сүйүүм жапжаш сезимде.
    Биз кошулуп акпасак да дайрада,
    Сезим чиркин ал эскирбейт эмнеге.

    Мен эңсеген кызыл гүлүм сен элең,
    Алгач кезде ал арзуумду сезбеген.
    Ушул кезде арман болдуң сен мага,
    Зар болгондой тамчы сууну эңсеген.

    Сагынычым учурамын желге мен,
    Бийик серпип жазган ушул ыр менен.
    Ырларымды окуурсуң сен бир кезде,
    Кирпигиңден тамган ыссык жаш менен.

    Бүт кусамы бийик улам мен серпип
    Булут жандап узаак учсун дегенсип,
    Сүйүү ырын жаза берем жадабай,
    Көз алдыма элестелип сен келип.


    Сулууга


    Ширин даамдай тамшанткан,
    Жигиттин баары карашкан.
    Өзүңдү көрүп мен дагы,
    Жашоомо жарык таң аткан.

    Ошол таңдай тазасың,
    Көңүлдүн жазчы капасын.
    Сен үчүн жаным кайылмын,
    Жараткан берсе жазасын.

    Кыйналып сезим эңседи,
    Атыңды айтып сен деди.
    Эңсеткен сулуу ардагым,
    Баш ийкеп жообун береби.

    Ашыктык ырым жазайын,
    Түбөлүк колуң кармайын.
    Өзүң деп соккон жүрөкө,
    Сүрөтүң тартып кадайын.

    Мен сени сүйө албадым

    Сүйөм дедиң кылгырып беттен сылап,
    Чыйрыккансып жан дүйнөм муздап барат.
    Бул мезгилде сага жооп айталбадым,
    Сүйө албаган жүрөгүм жалгызсырап.

    Тек кана мен башымды ийкей бердим,
    Жооп бергендей калп эле сөздөрүңө.
    Чындап сени сүйбөшүмдү эми сездим,
    Карай албай жаш алган көздөрүңө.

    Мен берилип сылай албай чачтарыңан,
    Оңтойлонуп кучактап тургансыдым.
    Сезе албадың колдоруман калтыраган,
    Көңүлүмдө кандай ойлор тургандыгын.

    Сүйбөдүм сүйө албадым мен берилип,
    А менин ойлогонум башка эле.
    Билгениңде сен жектээрсиң жэ кечирип,
    Өз оордуңду сезээрсиң ошол кезде.
    06.10.09-ж.

    Сүйөмүн деген сөздөйбү?


    Тыкылдап басып шиш така,
    Сезимди козгойт башкача.
    Сугалак ойлор озунуп,
    Ойлорум учат ар жака.

    Көргөндө сени дайыма,
    Узатып карайым артыңа.
    Кадалып көздөр тиктешмек,
    Көздөрүң болсо далыңда.

    Көп эле така үндөрүн,
    Эшитип эле жүрчүүмүн.
    Дүрбөлөң салды сезимге,
    Негедир сенин жүрүшүң.

    Өзүңдү көргөн күндөрү,
    Тыкылдап чыккан үндөрү,
    Жагымдуу мага угулат
    Сүйөмүн деген сөздөйбү?

    Көз айнекчен сулууга

    Көз айнегиң бир өзүңө жарашып
    Ого бетер сулуу кылып каратып,
    Эмнегедир сүрдөп кетем өзүмчө
    Калган кезде сен экөөбүз карашып.

    Жүзүң жылуу толгон айдай жаркырап,
    Каякадыр сезимимди азгырат.
    Кылыктанган көз айнекчен сулуу кыз,
    Жараланган жүрөк качан айыгат?

    Жарашыктуу кийимиң да денеңе,
    Ал өзүнчө нурдан бүткөн жан беле?
    Бассам,турсам сени ойлоп дайыма,
    Дүрбөлөңдүү ойго түштүм эмнеге?

    Көз айнегиң оңдоп койсо колдоруң,
    Мен кумарлуу карагандай боломун.
    Сен түшүнүп жараланган байкеңе,
    Кашың серпип капа деле болбогун.

    Бир акпай калды ак ойлор

    Түнкү шаар, жылдыздардай жымыңдаган,
    Москванын көчөсүндө келе жатам.
    Ошондо да ушундай жамгыр эле,
    Казанский вокзалдан сени узаткам.

    Нөшөрлөп көз ачырбай жамгыр жааган
    Сезимдерге таза ойлор аралаган,
    Ошондогу кыялбаган көз караштар
    Көз алдыма элестелип келе жатам.

    Каректер кадалышып бир бирине,
    Кайрадан жолукпашын сезди беле?
    Мен сени жөнөтпөй коймокмун да,
    Сен башкага жар болооруң билгенимде.

    Ак жоолугуң кыйгач салып чекеңе,
    Ишене албайым макулдугуң бергениңе.
    Биз анташкан таза сүйүү кайда кетти?
    Жалган беле андай болсо эгерде?

    Жөө келем метрого түшкүм келбей,
    Жалгызсырап сен жанымда эркелебей.
    Көңүл чөгүп кыжырланам мен өзүмчө,
    Эмнегендир ким бирөөгө кекенгендей.



    Болчу менин түгөйүм

    Эртеңкиге чейин анда эмесе,
    “Кош” деген сөздү мага айтпачы.
    Мен жаныңдан кетким келбей кыйылып,
    Тургандыгын асылкечим байкачы.

    Карагым келип сенин көзүңдү,
    Калтырайым айталбастан сөзүмдү.
    Айттырбастан акыбалым сезсеңчи,
    Ишенсен сен сүйүп калгам өзүңдү.

    Жал-жал көзүм жайдаңдаган мүнөзүң,
    Көптөн бери жактырып мен жүрөмүн.
    Өзүңдү эстеп күнү-түнү тынч албай,
    Азап чегип кыйналды го жүрөгүм.

    Ишен жаным сени кана сүйөмүн,
    Ошондуктан айланчыктап жүрөмүн.
    Кол кармашып түбөлүкө мен менен,
    Асылкечим болчу менин түгөйүм.


    Көңүлдө калган көз караш

    Көрдүм сени келе жатып капыстан,
    Шаар ортосу газ суу саткан бурумдан.
    Сенби деп сен эмесби деген ойдо,
    Атайын түшүп калдым автобустан.

    Жаңылбапмын, сен экенсиң газ суу саткан.
    Мен баралбай карап турдум алыстан.
    Тааныш кыймыл,тааныш жүздү көргөндө,
    Эмнегедир ойлор басты аяган.

    Анткени сенин оордуң бул жер эмес
    Болуш керек, бул ой такыр ойго келбес.
    Мен ойлогон эжеке болбодуңбу,
    Баштагы илбериңки кана элес?

    Жаныңда кызгангандай түр көрсөтүп,
    Күйөөң экен деп ойлодум, аны көрүп.
    Мен баралбай кыйлага ойлуу турдум,
    Көңүлүмдү чачыранды ойлор бөлүп.

    Кантсе да сенин үнүң уккум келди,
    Эмнегедир сенин сууңан ичким келди.
    Көрүнүшүң жүдөңкү болсо дагы,
    Көздөрүң сулуу бойдон элес берди.

    Ооба,чындап көздөрүң күлүп турчуу,
    Аны сезем кыялдагы сезим күчтүү.
    Ошол күчтүү сезимди сен сезбестен,
    Башкага кеткендигиң өкүнүчтү...

    Андагы сезимдер да таза эле,
    Жаштыктын жалындаган мезгилинде.
    Сенден узап келатып ичим сызды,
    Тагдыр насип,сен башкага кеткениңе.

    Чындыгында аядым,аяп келем,
    Элестетчүүм сенин оордуң мектептен.
    Жайдаңдаган сулуу көзүң күлмүңдөтүп,
    Жакшы болмок балдарга сабак берсең.

    Ал жерден көрөмбү деп кийин дагы,
    Карап жүрдүм өткөндө бери-ары.
    Жан дилимден мен сага бакыт каалап,
    Көңүлүм аягансып тызылдады.

    Ар дайым сени эстейим

    Жаркырап таңда күн чыкса,
    Күлгөнүң сенин эстейим.
    Көңүлгө көңүл жарашса,
    Бир жүрсөк деп дегдейим.
    Түндөсү түштө мен көрүп,
    Атыңды айтып сен дейим.
    Жүрөктү өрттөп чок салган,
    Чолпондой көзүң эстейим.
    Айчүрөк болуп жаралган,
    Арманы жоктур сендейдин.
    Жаңырып кайта угулат,
    Оорундуу айткан кептериң.
    Жактырып сени сүйгөндөй,
    Сүйүүнүн күчүн сезбепмин.
    Саматып сени эңсеткен,
    Жанымды мынча дегдеттиң.
    Жазылчуу сүйүү ырларым,
    Жазаарда дайым эстейим.
    Ажарлуу жүздүү ай чырай,
    Атыңды айтып сен дейим.
    Жүрөктү мынча кыйнаган,
    Өзүңдү эңсеп дегдейим.