• Только для взрослых
  • Военные игры
  • Крутые тачки
  • Ислам жолу
    добавил видео
    04.11.2015
    • Пожаловаться
    Видео доступна только в полной версии Мой Мир.
    Полная версия
    Шейх Ибн Усеймин - Аллахтын мээримин айтуу
    Аллах Тааланын “Раббиңдин мээрими тууралуу сүйлөп бер” (Духа сүрөсү, 11-аят) мааниси – Шейх Ибн Усеймин: “Раббиңдин мээрими тууралуу сүйлөп бер” . Аллахтын сага берген нээматы (мээрими) тууралуу айт. “аль-хамду лиллях, Аллах мага илим берди, Аллах мага байлык берди, Аллах мага бала берди” ж.б.у.с.Аллахтын мээрими тууралуу сүйлөө – эки түрдө болот: тил жана сырткы көрүнүш менен. Тил менен мисалы айтууң “Аллах мага мээримин төктү. Жакыр элем, Аллах мени байытты, наадан элем, Аллах мага илим берди”. Сырткы көрүнүш менен айтууң бул Аллахтын сага кылган мээриминин издери сенден көрүнүп турганы. Байсыңбы, демек кедейлердин кийимин кийбе, өзүңө ылайык келген кийим кий. Ошондой эле үйүңдө. Ошондой эле унааңда. Ар бир нерседе. Аллах сага мээримин төккөн экенин элдерге билдир. Бул Аллахтын мээрими тууралуу сүйлөөгө кирет. Ошондой эле Аллахтын мээрими тууралуу сүйлөөгө кирет – эгер Аллах сага илим берсе аны башкаларга айтып берүүң, аларды үйрөтүүң.(Шарх Рияд ас-Салихин, 5-бөлүк)

      Комментарии