• Только для взрослых
  • Военные игры
  • Крутые тачки
  • “ДЕМ” САЙТЫ МААЛЫМАТТАРДЫ БИР ЖЕРДЕН АЛУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРЕТ
    Учурда Кыргызстанда болуп жаткан бардык окуялар тууралуу толук, бей-тарап маалымат алыш үчүн, тилекке каршы, бир нече гезит-журналдарды окуп, ар-башка сайттарга кириш керек болот. Бул жагынан алганда “Дем” сайты (www.dem.kg) убакытты үнөмдөгөн эң жакшы жардамчы боло алат.
    Аталган сайтта Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда иш алып барган
      
    DEM.KG
    13 мая 2015 в 11:04
    • Удалить
    "Кабар ордо": Бишкекте жүргүнчү бааны өзү аныктай турган система ишке кирди

    http://dem.kg/kg/article/16...
    DEM.KG
    13 мая 2015 в 11:03
    • Удалить
    "Азаттык": Чаткал менен Ала-Букада алтын казган ишканалар текшерилет

    http://dem.kg/kg/article/16...
    DEM.KG
    13 мая 2015 в 11:02
    • Удалить
    "Кабар ордо": Эльвира Сариева: 1-сентябрдан бирдиктүү мектеп формасы кирет

    http://dem.kg/kg/article/16...
    DEM.KG
    20 апреля 2015 в 11:12
    • Удалить
    ЖАМБЫЛДА МЕРТ КЕТКЕНДЕРДИН САНЫ ОН АЛТЫГА ЖЕТТИ

    Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик абалдар боюнча башкармалыгынын башчысы Мухаммед Сваров билдирди. Анын айтымында, Оштон чыккан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобустун ичинде он жети жүргүнчү жана эки айдоочу болгон. Кырсыктан он беши мерт кетип, төртөө ооруканада. Алардын баары Кыргызстандын жарандары. Мындан сырткары кичи автобус менен кагышкан “Газел” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, казак жараны да каза тапты.
    http://dem.kg/kg/article/15...
    DEM.KG
    20 апреля 2015 в 11:11
    • Удалить
    МЕДРЕСЕЛЕРДИ СЫРТТАН КАРЖЫЛООНУН КАНДАЙ КОРКУНУЧУ БАР?

    Акыркы кезде республикабыздагы диний, айрыкча ислам багытында билим берген медреселер менен башка окуу жайлардын сырттан каржыланышы тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда. Биз бул маселе боюнча Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына жана айрым эксперттерге кайрылдык.
    http://dem.kg/kg/article/15...
    DEM.KG
    20 апреля 2015 в 11:10
    • Удалить
    АСКАТ ЭРБАЕВ: “ТАЙ-ЦЗИ-ЦЮАНЬ- БУЛ ЖАН ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИ”

    Учурда өлкөбүздө каратэ, самбо, кикбокс, таэквон-до өңдүү спорттор кеңири таралууда. Арасында өзүнүн уникалдуулугу, татаалдыгы жана сырдуулугу менен айырмаланган Тай-Цзи Цюань өнөрүнө кызыккандар да аз эмес. Дал ушул өнөрдүн ээси, көп жылдан бери өзүнүн шакирттерин тарбиялап келе жаткан көрүнүктүү актёр, режиссёр, көп кырдуу талант Аскат Эрбаев менен маектештик.
    http://dem.kg/kg/article/15...
    DEM.KG
    20 апреля 2015 в 11:09
    • Удалить
    ХОККЕЙ: "АЗИЯ ЧАКЫРЫГЫ" КУБОГУНДА КЫРГЫЗСТАН СИНГАПУРГА УТУЛДУ

    Ушул күндөрү Кувейтте өтүп жаткан хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогунун экинчи беттешинде Кыргызстандын улуттук курамасы Сингапур оюнчуларына 4:2 эсебинде утулду. Оюн 19-апрелде өттү. Беттештин 1-таймында командалар 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Экинчи таймда Кыргызстандын дарбазасына жоопсуз эки шайба кирген. Үчүнчү таймда командалар бирден шайбаны атаандаш дарбазаларына узатып, беттеш 4:2 эсебинде Сингапур курамасынын пайдасына аяктаган.
    http://dem.kg/kg/article/15...
    DEM.KG
    17 апреля 2015 в 11:18
    • Удалить
    ФЕТХУЛЛАХ ГҮЛЕН ТЫНЧТЫК СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫКТУУ БОЛДУ

    Аалым Фетхуллах Гүлен дүйнөдө жогорку даражадагы "Ганди, Кинг жана Икеда" тынчтык сыйлыгына татыктуу деп табылды. Салтка айланып калгандай аталган сыйлыкты тапшыруу салтанаты жүздөгөн окумуштуу, активист жана сыйлуу коноктордун катышуусунда Морхаус университетинин Мартин Лютер Кинг борборунда өттү. Буга чейин "Ганди, Кинг жана Икеда" сыйлыгына Михаил Горбачев, Нелсон Мандела жана Десмонд Туту сыяктуу белгилүү адамдар татыктуу болгон.
    http://dem.kg/kg/article/15...
    DEM.KG
    17 апреля 2015 в 11:18
    • Удалить
    ЖАКЫНДА – “УЛУУ КӨЧ”

    Эзелки кайрыктарга жан киргизип, заманбап баалуулуктар менен айкалышкан күүлөрдү жаратып, элибиздин демин арттырып, түптүүлүгүн даңазалап турган, ар кандай аспаптарда ойногон жана ал аспаптарды ѳз колу менен жасап келген кыргыздын көрүнүктүү таланты Асылбек Насирдинов Кыргыз салттуу музыка жумалыгына карата 25-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Улуу кѳч” аттуу чыгармачылык кечесин тартуулаганы турат. Бул тууралуу Асылбек агабыз менен чакан маек курдук.
    http://dem.kg/kg/article/15...
    DEM.KG
    17 апреля 2015 в 11:17
    • Удалить
    ТОГУЗ КОРГООЛ: АЙТУРГАН МАКСАТБЕК КЫЗЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНДА КОЛО БАЙГЕ АЛДЫ

    Ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча III дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Айтурган Максатбек кызы 16-апрель күнү блиц түр боюнча коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Алдыңкы эки орунду казакстандык оюнчулар ээлешти. Салтанат Сапарбекова алтын, Асель Далиева күмүш медаль тагынды.
    http://dem.kg/kg/article/15...